Баткенде атасы менен эки кызы «ич келте» дарты менен ооруканага жаткырылды

7 декабрь 2017 16:44 1097 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен областында ич келте дарты аныкталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Баткен районунда 28-ноябрда, 1980-жылы туулган, Самаркандек айылынын тургуну, С.М.га «ич келтеси» деген аныктама коюлган. Бейтап Баткен областык бириккен ооруканасына жаткырылган.

30-ноябрда жана 3-декабрда, мындай дартка шектелип жарандын 2009 жана 2011-жылы туулган эки кызы бейтапканага жаткырылган.

Медицина кызматкерлеринен турган атайын штаб түзүлүп, алар 6-декабрда, Көк-Таш менен Самаркандек айылдарындагы 45 турак үйдү текшерди жана 498 киши, 319 мектеп окуучусу медициналык кароодон өткөрүлдү.

Мындан тышкары, 50 окуучудан, Самаркандектеги суу булагынан анализ алынды. 

Ссылка: https://barometr.kg/content9555



Добавить комментарий