Өзбекстандын президенти камактагы 2700 адамга ырайым кылды

7 декабрь 2017 15:59 546 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев камактагы 2700 адамды ырайым кылуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат каражаттары жазды. Мындай жарлык өлкөнүн тарыхында биринчи жолу кабыл алынып жатат жана Өзбекстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына арналган.

Документке ылайык, ар кандай шарттардан улам кылмыш жасаган, кийин ага катуу өкүнгөн жана оӊолуу жолуна түшкөн, камактагы 970дөн ашуун адам эркиндикке чыгарылат.

Ушул жылы сентябрда Мирзиёев Конституциянын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу камактагыларга ырайым кылуу жөнүндөгү материалдарды даярдоо боюнча буйрукка кол койгон. Мунапыс жөнүндө буйрукка ылайык, камактагылар толук эркиндикке чыгат же шарттуу түрдө бошотулат, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы жеӊилдетилет, кээ бирлеринин соттуулугу алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9551



Добавить комментарий