«Көк-бөрү» оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди
Бөлүшүү:
Кыргызстандын улуттук «Көк-бөрү» ат оюну ЮНЕСКО уюмунун маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу эл аралык уюмдун билдирүүсүндө айтылган.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Султанбаев социалдык тармактагы баракчасында, ЮНЕСКО улуттук оюнду Кыргызстандын маданий мурасы катарында тааныды деп кубанычтуу кабарлаган.
Мындай чечим материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык жыйында бир добуштан кабыл алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/content9549
Добавить комментарий ×