Жарандык активисттер порносайттарды жабууну талап кылышууда

7 декабрь 2017 13:30 479 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 7-декабрда, Бишкектеги маалымат жыйында, жарандык активисттер парламентти Кыргызстандын аймагындагы порносайттарга тыюу салуу боюнча мыйзамды кабыл алууга чакырды. 

Активист Сыдыкбек Тайчабаровдун пикирине ылайык, жеткиликтүү болгон мындай сайттар жарандардын аӊ-сезимине тескери таасирин тийгизет.

"Биз, өлкөдө порносайттарга тыюу салынышын каалайбыз. Анткени ал улуттун деградацияланышына алып келет. Кеп эркектердин саламаттыгы жөнүндө болуп жатат. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, порнографиялык тасмаларды узак убакыт көргөн эркектердин реалдык сексти кабыл алуусу бузулат", - деп эсептейт активист.


Дагы бир жарандык активист Анарбек Катаганов, Кыргызстанда порносайттар жеткиликтүү болгондуктан кичинекей балдар дагы мындай видеолорду көрүшү мүмкүн деп кошумчалады.

 

"Бизде каалаган киши интернетке кирип порнолорду көрө берсе болот. Балдар дагы. Буга чара көрүү керек да, анткени балдарга зыян алып келет. Алардын аӊ-сезими мындайды көтөрө албайт. Биз, мамлекетибизде мындай уят сайттарды жаап салышын каалайбыз" – деп нааразы болду ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content9540



Добавить комментарий