Чүйдө аялды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

7 декабрь 2017 13:12 562 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областында милиция кызматкерлери, аялды сүзүп, изин жашырып кеткен айдоочуну 10 күн бою издеди.

Эске салсак, 26-ноябрда, болжол менен саат 07:20да, Сокулук районунун чыгыш-батыш тарабында, тактасак, Шопоков шаарынын Фрунзе көчөсүндө, «Азия» дүкөнүнө каршы тараптан, айдоочу белгиленбеген унаасы менен жөө адам өтүүчү жолдон өтүп бараткан кызды коюп туруп, качып кеткен.

24 жаштагы Б.Ж., Романовка айылынын тургуну, алган жаркаттардан улам ошол жерден мерткеткен.

Окуя болгон жерде илинчек катары сүзгөн унаанын бир гана бөлүгү: «Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаанын эмблемасы табылган.

Айдоочуну кармоо жана аныктоо үчүн Чүй областык ИИББсинин бардык жеке курамы тартылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чүй областына караштуу Москва районундагы Садовая айылынын жашоочусу, «Фольксваген-Гольф» үлгүсүндөгү унаасы менен, 1996-жылы туулган Ш.Э. кармалган.

Автоунаа атайын жайга токтотулду.

Бул факт боюнча КРдын Кылмыш кодексинин 281 («Жол эрежелерин бузуу жана жабырлануучуну өлүмгө жеткирген транспорттук каражаттарды эксплуатациялоо»), 121-беренелери («Кооптуулукка калтыруу») боюнча кылмыш иши козголду.

Айдоочу Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына киргизилди. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content9539



Добавить комментарий