Караколдо айдоочу электр тирөөчтү сүзүп алып, тургундар жарыксыз калды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 7-декабрда, саат 00:14тө, Ысык-Көл областындагы Каракол шаарында «Мерседес» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу №47 электр тирөөчүн сүзүп алган. Натыйжада «Күн-Батыш» көмөкчордонунда Т-1де авариялык өчүрүү болду.
«Кыргызстандын улуттук электр түйүнү» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, азыркы тапта жабдык оӊдоого берилди, авариялык-калыбына келтирүү жумуштары уюштурулду. Электр жарыгысыз калган керектөөчүлөр электр жабдыгынын альтернативалык схемалары боюнча кайрадан тизмеге киргизилүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content9537
Добавить комментарий ×