Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү
Бөлүшүү:
Бүгүн, 7-декабрда, өкмөт башчы Сапар Исаков менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуладуу маселелери боюнча пикир алмашты жана эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуунун жогорку деӊгээлин белгилешти.
Ошондой эле тараптарлар, буга чейин эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол койгон макулдашууларга ылайык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жакшы шарттарды түзүү үчүн максималдуу күч жумшоо ниетин ырастады.
Ссылка: https://barometr.kg/content9536
Добавить комментарий ×