Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефондон сүйлөштү

7 декабрь 2017 09:22 1163 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 6-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары Астана шаарында 2017-жылдын 2-декабрында эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары тарабынан кол коюлган “жол картасы” боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына канааттангандыгын билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги боюнча пикир алмашышты.

Телефондук сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен болду.

Эске салсак, 3-декабрда Казакстан Кыргызстан менен болгон чек арада күчөтүлгөн көзөмөлдү алып салган. Тиешелүү документке 2-декабрда Астанада Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары кол коюшкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9523



Добавить комментарий