Вице-спикерликке Сайдулла Нышанов менен Курманкул Зулушевдин талапкерлиги сунушталды

6 декабрь 2017 16:48 513 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламентте вице-спикер кызматына "Республика - Ата Журт"жана "Ата Мекен" эки фракциянын депутаттарынын талапкерлиги каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда, Barometr.kg сайтына жеке булактар кабарлады.

Демек, "Республика - Ата Журт" фракциясы аталган кызмат ордуна Курманкул Зулушевдин, ал эми "Ата Мекен" фракциясы Сайдулла Нышановдун талапкерлигин сунуштады.

Вице-спикерди парламент добуш берүү жолу менен тандап алат.

Белгилесек, мыйзамга ылайык, вице-спикер кызматын оппозициянын өкүлдөрү ээлейт. Парламенттик оппозицияга 3 фракция кирет: "Республика - Ата Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс".

Эске салсак, бүгүн, 6-декабрда, парламенттин жыйынында, "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова өз эрки менен вице-спикерликтен кеткен.

"Жарым жыл мурун бул кызматка менин талапкерлигимди колдогонуӊар үчүн баарыӊарга ыраазчылык билдирем. Мен силердин ишенимиӊерди актоого аракет кылдым. Бүгүн өз каалоом менен кызматтан кетип жатам", - деген ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content9512



Добавить комментарий