Сүйүктүү сериалдагы бийди туурайм деп 7 жаштагы кыз тирүүлөй күйүп кетти
Индияда 7 жаштагы Праттана аттуу кыз, «Нандини» деген сүйүктүү сериалындагы каармандын оттун жанындагы бийин туурайм деп күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон учурда үйдө кыздын ата-энеси болгон эмес. Кичинекей кыз үйдүн ичине от жагып бийлей баштаган, бирок кокустан анын кийими өрттөнүп кеткен.
Мындай трагедиялуу окуяга кыздын сиӊдиси күбө болгон. Ал кошуналарга чуркап барып баарын айтып берген. Кошуналар келип отту өчүрүп, тез жардамды чакырышкан.
Праттана ооруканага жаткырылганы менен, эртеси күнү күйүктөн алган жаракаттарынан улам каза тапкан.
Учурда полиция иликтөө жүргүзүп жатат. Азырынча кыздын ата-энеси, ата-энелик милдетин татыктуу аткарбагандыгы үчүн жоопко тартылары белгисиз.
Ссылка: https://barometr.kg/content9511
Добавить комментарий ×