Кыргызстандыктар Кытайдагы турнирде алтын медалга татыды

6 декабрь 2017 14:20 580 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандыктар Иса Жумабеков жана Илимбек Курманбеков, Кытайда дзюдо боюнча өткөн турнирде жеӊишке жетишти.

Гуанчжоу шаарындагы ачык чемпионат 2-декабрда болду. Бул жылы аталган турнир Гуанчжоунун Дзюдо бирикмесинин колдоосу астында алтынчы ирет өтүп жатат.

Ага Кытайдын түрдүү провинциясынан, Кыргызстан, Казакстан, Россия жана бир нече африкалык өлкөлөрдөн студенттер катышты.

Иса Жумабеков 81 кг чейинки салмак категориясындагы мелдеште төрт жолу кармашып, утуп кетти.

Ал эми турнирдин 66 кг чейинки салмактык категорияда Илимбек Курманбеков дагы алтын медаль утту.

Ссылка: https://barometr.kg/content9505



Добавить комментарий