Бишкекте үй-жайсыздар үчүн дагы бир башпаанек ачылды

6 декабрь 2017 13:41 1090 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жыл сайын 15-ноябрдан тартып, кыш түшкөндө, Свердлов районунда селсаяктар үчүн убактылуу башпаанек ачылып келет.

Азыркы тапта имараттын ичи косметикалык оӊдоолордон өткөрүлгөн, терезелер салынып, электр энергиясы жүргүзүлдү, чатыр, потолок оӊдолду, жерге линолеум төшөлдү, эки кишилик керебеттер жана 40 адамга ылайыкташкан тапчандар орнотулду, бөлмөлөк сырдалып, дубалдар акталды, жылытуучу меш (буржуйка) киргизилди.

50 кишиге төшөк-жууркан: одеялдар, матрацтар, жаздык каптар, шейшептер сатылып алынып, бир кишиге 35 сомдук эсептен ысык тамак уюштурулду.

Башпаанекке 3 тонна көмүр, отун алынды. Убактылуу жай 40-45 кишиге ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө анда үй-жайсыз 20 селсаяк жашап жатат.

Муниципалдык администрация тарабынан алар үчүн жума сайын медициналык кароо, тартипти камсыз кылууга РИИБсинин участкалык инспектору бекитилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9503



Добавить комментарий