Алтынай Өмүрбекова өз эрки менен отставкага кетти
Бүгүн, 6-декабрда, парламенттин жыйынында, "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова вице-спикер кызматынан өз эрки менен кетти.
Ал отставкага кетип жаткандыгынын себептерин айткан жок.
"Жарым жыл мурун бул кызматка менин талапкерлигимди колдогонуӊар үчүн баарыӊарга ыраазчылык билдирем. Мен силердин ишенимиӊерди актоого аракет кылдым. Бүгүн өз каалоом менен кызматтан кетип жатам", - деди ал.
Депутат Талант Мамытов Өмүрбековага ыраазычылыгын айтты.
"Сиз мыкты иштедиӊиз. Сиздин мыкты инсандык сапаттарыӊызды дагы баарыбыз билебиз. Ырахмат", - деди депутат.
Парламент анын отставкасын кабыл алды.
Депутат Мамытов бүгүнкү күн тартибине жаӊы спикерди шайлоо маселесин киргизүүнү сунуштады.
Ссылка: https://barometr.kg/content9497
Добавить комментарий ×