Парламент Шадиевдин биринчи вице-премьер-министрликке талапкерлигин колдоду
Бүгүн, 6-декабрда, парламенттин жыйынында депутаттар Аскарбек Шадиевдин биринчи вице-премьер-министр кызматына талапкерлигин колдоду.
КСДП фракциясынан депутат Азамат Аралбаев, анын бардык кесиптештер билет жана урматташат деп Шадиевди мактады.
"Аскар Алимбаевич алдына коюлган милдеттерди аткара алат деп ишенем. Биз, бардык депутаттар аны жакшы билебиз. Көптөгөн депутаттар ага ийгилик каалоо жана суроо берүү үчүн жазылышты. Суроолорго чектөө киргизүүнү жана анын талапкерлигин талкуусуз колдооону сунуштаймын", - дейт ал.
Депутаттар анын бул сунушуна макул болду.
Сапар Исаков парламент депутаттарына, Шадиевдин талапкерлигин колдогону үчүн ыраазычылыгын билдирди.
"Аскар Алимбаевич парламент менен өкмөттүн ортосунда мыкты көпүрө болоруна үмүттөнөм", - деп эсептейт өкмөт башчы Сапар Исаков.
Эске салсак, кечээ, 5-декабрда, Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзам, мамлекетик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети биринчи вице-премьер-министр кызматына Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырган. Аны өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган.
Шадиев бул кызматта, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди карайт.
Комитеттин төрагасы депутат Канат Керезбеков белгилегендей, 2017-жылдын 1-декабрынан тартып Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди, ага ылайык, ЖК депутаты, депутаттык мандаты менен Жогорку Кеӊештин жыйындарында добуш берүү укугу сакталып, КРдын премьер-министр же биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындала алат.
Шадиев – ушундай тартип менен, биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып жаткан биринчи депутат.
Белгилесек, Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги коалициялык макулдашуу боюнча көрсөтүлдү. Парламенттеги көпчүлүк коалициясына 3 фракция: КСДП, "Кыргызстан", "Бир Бол" кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/content9490
Добавить комментарий ×