Назарбаев: «Кыздар эмнеге күйөөгө кеч тийип жатат? Күйөөнү кайдан издеш керек билесиӊерби?»
Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев, азыркы жаш муун эмне үчүн турмушка кеч чыгып жатканын жана кыздар болочоктогу күйөөлөрүн кайдан издеши керектигин айтып берди. Бул тууралуу басылмалар жазды.
«Эмнеге батышта азыр кыздар турмушка кеч чыгышат? 30-35 жаштарда. Анткени аял материалдык, каржылык жактан көз карандысыз болууну каалайт. Мына ошон үчүн үй-бүлөдө ийгиликсиз кырдаалдар жаралат. Аял карьерасын жасап бүтүп анан үй-бүлөнү кеч куруп жатат. Үй-бүлөдө экөө теӊ жөндөмдүү, бул бирдей укуктуулукта алар өзүнчө жашай алышат, эркиндик бар. Аял эркин болушу керек», - деди президент.
Анын пикирине ылайык, кызганычтын таптакыр пайдасы жок.
«Биз, эркектер, же аябай кеч же аябай эрте кызганабыз. Бул таптакыр керексиз, пайдасыз иш. Бирөө сенин колуӊдан кармап койду, тиги менен басып кеттиӊ дешип уруш-чатак чыгарышат. Мен мына азыр ушинтип айтып жатканым менен, чын эле мен ушинтип ойлоймунбу жокпу өзүм да билбейм. Бирок жаӊы жашоодо ушундай болушу керек»,-деп күлдү Назарбаев.
Ал, кыздар болочоктогу жолдошун кайдан издеши керектигин айтты.
«Азыркы заманда жигит кыз менен таанышкысы келсе кайда барат? Ал дискотекага барат. Оркестр кулак тунганча каккылайт, түтүн шумдук, отурасыӊ, же сүйлөй албайсыӊ, кыйкырасыӊ, а кыз сени укпайт. Ошентип анан таанышып калышат. Кайсы жерде таанышуу керек билесиӊерби, сенин кызыкчылыгыӊ болгон жакта таанышуу керек. Эки киши бири-бирин тиктегенде эмес, чогуу бир максатты караса ошондо иш болот. Эгер сен спортту сүйсөӊ жубайыӊды ошол жактан изде, саякатты жакшы көрсөӊ анда сүйүктүүӊдү ошол жактан табасыӊ», - деп кошумчалады Нурсултан Назарбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/content9488
Добавить комментарий ×