Россия кышкы Олимп оюндарынан четтетилди

6 декабрь 2017 09:54 468 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык Олимпиада комитети Россиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салды. Буга Россиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгону айтылды. Анткен менен комитет кызытма чыкпаган "таза" спортчуларга Олимпиадада Россиянын эмес, нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берди. Бул боюнча Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

Мындай чечим 5-декабрда эл аралык комитеттин Лозаннада өткөн жыйынында Самуэл Шмид жана Денис Освалддын баяндамасы каралган соң чыгарылды. Освалддын комиссиясы россиялык спортчулардын 2014-жылкы Сочи Олимпиадасындагы допинг анализдерин бурмалоону иликтеген.

Комитеттин чечимине ылайык, Россиянын спорт комитети толугу менен дисквалификацияланды жана Россиянын Спорт министрлигинин бир да өкүлүнө Түштүк Кореядагы оюндарга аккредитация берилбей турган болду.

2016-жылы Допингге каршы эл аралык агенттиктин (WADA) комиссиясы Россиянын олимпиадалык мелдештерге катышкан спортчулары мамлекет өзү тескеген кеңири масштабдагы кызытма программасына тартылганын далилдеген. Ал ишке бийликтеги адамдардан тышкары ФСБнын кызматкерлери да катышканы ачыкка чыккан. Атап айтканда, алар Сочидеги оюндар маалында позитивдүү анализдерди алмаштырып турган.

Сентябрда 17 өлкөнүн улуттук антидопинг уюмдары “Сочи Олимпиадасындагы бурмалоолорду жана таза атаандаштык милдеттенмелерин аткарбай жатканын эске алуу менен” Россияны 2018-жылкы кышкы оюндардан четтетүүнү талап кылышкан.

Президент Владимир Путин жана башка жогорку аткаминерлер мамлекеттин допинг иштерине тиешеси жоктугун айтып келатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9482



Добавить комментарий