Тажикстанда тергөөчү гранатаметтун жарылуусунан мерт кеткени аныкталды

6 декабрь 2017 09:38 493 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Курган-Төбө шаарынын тергөөчүсү Мухиддин Зохидзода танкка каршы реактивдүү «Муха» гранатаметунун жарылуусунан мерт болгону аныкталды. Гранатомет милиция кызматкерлери тарабынан христиан көрүстөнүндө табылган. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.

Окуя Мухиддин Зохидзода аны каттоого алып жаткан маалда болгон. Бирок гранатаметту кароо учурунда эски курал кокустан жарылып кетип, курмандыкка алып келген.

«Муха» брондолгон техникаларды жок кылууга багытталган. Жарылуу катуу болгондуктан, шаардык милиция имаратынын чатыры кошо талкаланган.

Окуя учурунда милициянын дагы бир кызматкери жаракат алып, ооруканада дарыланууда.

Буга чейин Тажикстан ИИМи Курган-Төбөдө жарылуу болгонун тастыктап, окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9481



Добавить комментарий