Токтогул районунун борбору Токтогул шаарында мектеп окуучулар арасында акыл таймаш мелдеши өттү
2017-жылдын 18-февралында Токтогул шаарында мектептер аралык “Менин өлкөм Кыргызстан”-деген аталыштагы акыл интелектуалдык оюну болуп өттү. Бул иш-чара мектеп окуучуларын сапаттуу билим алууга чакырат. Себеби, татыктуу жана сапаттуу билим гана кең келечекке даңгыр жол ачып бере алат. Мындай жаш муундарды мекенди сүйүүгө, билимдүү жана өз элинин патриоту болууга үндөгөн таймашты Токтогул районунан чыккан, азыркы учурда Бишкек шаарынын ар кайсы ЖОЖдорунда окуп жаткан азамат уул-кыздары тарабынан демилгеленип уюштурулду. Бул акыл таймаш мелдешин өткөрүүгө Жогорку Кеңештин депутаты, “СДПК” фракциясынын мүчөсү Осмонбек Артыкбаев моралдык жана материалдык колдоо көрсөттү. Бул таймаштын биринчи айлампасы болсо, экинчи финалдык туру 18-мартта өтөт. Кошумчалай кетсек депутат Осмонбек Артыкбаев билим берүү тармагында, өзгөчө жаштардын жана мектеп окуучулардын сапаттуу жана терең билим алуу жаатына, спорттук жайларды жана мектептерди курууга колдоо көрсөтүп келе жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content948
Добавить комментарий ×