Өзбекстанда бирдиктүү туристтик виза киргизилди

5 декабрь 2017 18:33 507 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстан бир айга берилүүчү, баасы 40 долларга чейин турган туристтик визаны киргизди. Бул боюнча Борбор Азия кабарлар кызматынан билдиришти.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, туристтик виза берүү тартиптерин өзгөртүү президент Шавкат Мирзиёевдин 4-декабрдагы жаңы токтомунун негизинде кабыл алынды.

Чет өлкөлүк жарандарга виза 30 күнгө берилет. Буга чейин бул мөөнөт 7 күндөн 15 күнгө чейин гана болуп, узартууга туура келген учурларда көйгөйлөр жаралып келген.

Туристтик визанын наркы 60 доллардан 40 долларга чейин төмөндөтүлдү. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, жогорку тариф Өзбекстанга саякаттоо чечимин кабыл алууда терс фактор болуп келген.

Мындан тышкары 5 кишиден жогору болгон учурда визаны тобу менен алса болот. Бул визалардын наркы ар бир турист үчүн 15 күндүкү 15 долларды түзсө, 30 күндүкү 25 долларга бааланды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9470



Добавить комментарий