Бишкек башкы архитектура: Эми документтер үчүн терминалдан төлөп койсо болот
Бөлүшүү:
"Бишкекбашкыархитектура" ишканасында атайын программалык камсыз кылуусу менен төлөм терминалдары орнотулду. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бир нече ай ичинде менчик компаниянын адистери, ишканада орнотулган төлөм терминалдары үчүн атайын программалык камсыздандырууну иштеп чыгышкан.
"Мурун көптөгөн тапшырыкчыларга, курулуш менен байланышкан түрдүү документтерди даярдоого акча төлөө үчүн банкка барууга жана кезек күтүүгө туура келчү", - деп айтылат маалыматта.
Процедураларды жөнөкөйлөтүү үчүн «бирдиктүү терезе» борборунда төлөм терминалдары орнотулду. Анда имараттан чыкпай туруп эле төлөп чекти алса болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content9464
Добавить комментарий ×