Комитет биринчи вице-премьер-министрликке Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзам, мамлекетик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бүгүн, 5-декабрда, биринчи вице-премьер-министр кызматына Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды. Аны өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган.
Сапар Исаковдун айтымында, Шадиев бул кызматка келип калса, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди карайт.
Комитеттин төрагасы депутат Канат Керезбеков белгилегендей, 2017-жылдын 1-декабрынан тартып Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди, ага ылайык, ЖК депутаты, депутаттык мандаты менен Жогорку Кеӊештин жыйындарында добуш берүү укугу сакталып, КРдын премьер-министр же биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындала алат.
Шадиев – ушундай тартип менен, биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып жаткан биринчи депутат.
Белгилесек, Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги коалициялык макулдашуу боюнча көрсөтүлдү. Парламенттеги көпчүлүк коалициясына 3 фракция: КСДП, "Кыргызстан", "Бир Бол" кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/content9461
Добавить комментарий ×