Ошто жолдорго 33 тонна туз жана 9 тонна кум чачылды
Бөлүшүү:
Кыштын түшүшү жана кар көп жаашы менен, Ош шаарында жолдорго 33 тонна туз менен 9 тонна кум төгүлдү. Бул тууралуу «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн, 4 атайын техника жана 15 жумушчу тартылган. Шаардын Масалиев, Шакирова, Салиева, Турсунбаева, Райимбекова, Монуева, Тилек-Баатыр жана Амир-Темур борбордук көчөлөрүнө кум менен туз чачылды.
Мындан тышкары, кышкы мезгил үчүн штаттык тартипте, көчөнү кардан тазалап жаткан аталган ишкананын жумушчулары иштеп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9456
Добавить комментарий ×