Кара-Кечедеги көмүрдү ташый турган жаӊы оор самосвалдар алынып келди
КРдын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, өзүнүн ведомствосуна караштуу «Кыргызкөмүр» ишканасы үчүн 15 миллион сом ссуда бөлдү. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул суммага алгачкы ирет, жалпы жүк көтөрүүчү салмагы 40 тоннаны түзгөн, «Хово» үлгүсүндөгү 4 карьердик самосвал алынды.
Мындай оор унаалар Кыргызстанга ушул жылы 3-декабрда алынып келди жана дароо эле Нарын областындагы Кара-Кече көмүр чыгарылган жерге жеткирилди.
Аталган ишкананын кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча, бул техника бийик тоолуу эксплуатация шартында өзүн мыкты сунуштай алды. Техникаларды колдонуу-көмүрдү жүктөөнүн көлөмүн эсеге көбөйтүүгө жардам берет.
Жогоруда аталган каражатка декабрдын орто чендеринде ишкана үчүн «Тонар» үлгүсүндөгү чиркегичи бар дагы 4 унаа алып келүү пландалууда.
Учурда «Кыргызкөмүр» ишканасында Кара-Кече көмүр кенинде 2 экскаватор, 1 бульдозер жана 3 ташуучу техника, жана жаӊы жабдык иштейт. Мындан тышкары, жаӊы шахтерлор шаарчасы курулуп, уюлдук байланыш киргизилди. «Хово» жүк ташуучу техникалыр жок кезде көмүр жеке самосвалдар менен ташылып келчү.
Ссылка: https://barometr.kg/content9450
Добавить комментарий ×