Сапар Исаков Жууку капчыгайындагы кыйылган бактар боюнча иликтөөнү тапшырды

5 декабрь 2017 12:02 583 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Cапар Исаков экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясына, токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо Мамлекеттик агенттигине, өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, тез арада, Ысык-Көлдөгү Жууку капчыгайындагы, ошондой эле башка коруктардагы бак-дарактарды кыюу фактылары тууралуу билдирүүлөрдү текшерүү жана иликтөөгө алууну тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт башчы, аталган капчыгайда бактарды кыюуну тез арада токтотуу жана тыюу салуу, ошондой эле, мыйзамды бузуучуларга карата эӊ катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

Укук коргоо органдарына, бактарды мыйзамсыз кыюуга катышы барларды жоопко тартуу жана аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларды уюштуруу тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл областындагы Жууку капчыгайы биочөйрө территориялык статуска ээ, анын жаратылыш комплекси күзөт алдында.

Ссылка: https://barometr.kg/content9448



Добавить комментарий