Бишкекте Кыргыз-Россия аймактар аралык алтынчы жыйын болот
Бөлүшүү:
Бишкекте 15-декабрда Кыргыз-россия аймактар аралык алтынчы жыйын уюштурулат. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүгүү фондунан кабарлашты.
Жыйындын жүрүшүндө аймактар аралык кызматташтык, айыл чарба, транспорт-логистикалык жана санариптик экономика тармагында эки тараптуу өз ара аракеттешүүлөрдү бекемдөө маселелери каралат.
Иш-чарада Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрага орун басары, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Россия-Кыргыз өкмөт аралык комиссиясынын Россия бөлүгүнүн төрагасы А.В. Дворковичтин катышуусу пландалып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9441
Добавить комментарий ×