Баласын сатууга аракет жасаган өзбекстандык келин кармалды

4 декабрь 2017 17:45 596 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Орусиянын Воронеж облусунун прокуратурасы жаңы төрөлгөн ымыркайын сатууга аракет жасаган Өзбекстан жараны кармалганын Борбор Азия кабарлар кызматынан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 39 жаштагы Махлиёхон Муминова сентябрда төрөгөн баласын каттоого алдырбай, жарандык күйөөсү, 29 жаштагы Саидулло Мирабдуллаев менен 30 миң рублге сатып жаткан маалда кармалган.

Жубайларга карата адам сатууга аракет жасоо боюнча кылмыш иши козголду. Эгер алардын күнөөсү далилденсе 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9424



Добавить комментарий