Ат-Башыда 200 га жайыт жер соода-логистикалык борбордун курулушуна берилет

4 декабрь 2017 15:47 641 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков 24-ноябрда, Нарындагы Ат-Башы районунун Ак-Талин айыл аймагында жайгашкан жерди которуу тууралуу өкмөттүн токтомуна кол койду.

Ага ылайык, мамлекеттин менчигиндеги 200 га жайыт жер, индустрия-соода-логистикалык борбордун курулушу үчүн, «Айыл чарбасына арналган жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башкага арналган жерлер» категориясына өткөрүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content9418



Добавить комментарий