Алматы-Бишкек жолунда автобус оодарылып, эки киши мерт кетти

4 декабрь 2017 13:38 767 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алматы - Бишкек трассасында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус арыкка кирип, тоголонуп кеткен. Бул тууралуу Алматы областынын Ички иштер департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн, 4-декабрда, саат 8:00дө Узынагаш кыштагына жакын жерде болгон. Анын кесепетинен эки киши мерт кеткен.

"Узынагаш айылынын ооруканасына түрдүү жаракат алган 10 адам жеткирилди. Алардын арасында бир жашы жете элек бар. Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери иштеп жатышат»,-деп басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилесек, 43 кишини ташып бараткан автобус Шымкенттен Алматыга сапар тартып бараткан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, автобустун 43 жаштагы айдоочусу, жер тайгалак болгондуктан траснпортту башкара албай, оодарылган.

Бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content9412



Добавить комментарий