Атасы тарабынан сабалган наристе учурда медкароодон өтүп жатат

4 декабрь 2017 13:18 655 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Атасы сабаган кичинекей наристе учурда медициналык кароодон өтүп жатат. Бул тууралуу балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекова кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, Бишкек мэриясына караштуу зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдарга көмөк көрсөтүүчү Борбор, балага укуктук жана психологиялык жардам берет.

"Борбор таӊ эртеден бери балдарды коргоо боюнча бардык органдарга кат жөнөттү", - дейт укук коргоочу.

Белгилесек, аталган борбор Балдардын укугун коргоо лигасы менен биргеликте Бишкек шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн.

Эске салсак, буга чейин соцтармактарда видео жарыяланган. Анда эркек киши жерге жатып калган баланы буту менен тепкилегени тартылган. Коомчулуктун нааразычылыгынан улам, милиция ал адамды издеп таап, ал баланын атасы болуп чыккан. Бариер Адиевге карата Кылмыш кодексинин «Бейбашчылык» беренеси менен иш козголгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content9411



Добавить комментарий