Назира Жетигенова: «Мурдум өзүмө жакпайт, жакында пластикалык операция жасатам»

4 декабрь 2017 13:07 1259 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы шайыр куудул жана теле алып баруучу Назира Жетигенова жакында өзүнө пластикалык операция жасата турганын, бет түзүлүшүнө өзгөртүү киргизүүнү пландап жүргөнүн билдирди. Бул тууралуу куудул айым Super.kg сайтына өзү кабарлаган. Анын айтымында, адам жашы өткөн сайын, денеси дагы шалбырап, карый баштайт. “Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзү боюнча ырчылар өздөрүнө пластикалык операция жасатып эле жатышат. Жакында мен дагы бет түзүлүшүмө пластикалык операция жасатайын деп жатам. Мурдум учтап койгон карандаштай болуп өзүмө жакпай жүрөт. Мурдума, ашыкча ээкти, көздүн астындагы бырыштарды кетирүү боюнча операция жасатам. Муну жашырбай ачык эле айтам”, - дейт ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content9410



Добавить комментарий