Марат Мураталиев өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

4 декабрь 2017 11:52 664 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Марат Мураталиев өкмөттүн Талас областындагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. М.Мураталиев областтык администрациясынын жамаатына тааныштырылды.

Белгилесек, буга чейин Марат Мураталиев Талас областындагы капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген.

Областтын мурунку башчысы Дайыр Кенекеев 25-октябрда, Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалган. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бир айдан ашуун убакыттан бери жетекчисиз иштеп келди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9406



Добавить комментарий