Кара-Балтада милиционер өзүнө-өзү бычак сайып, суицид жасайын деген

4 декабрь 2017 11:31 530 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областында милиционер суицид жасоого аракеттенген. Бул тууралуу КРдын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 3-декабрда, болжол менен саат кечки сегиздерде, Кара-Балта шаарындагы Ковровщиков көчөсү боюнча жайгашкан үйдө, Чүй областык ИИББсинин Жайыл райондук ИИБсинин Патрулдук милициянын кызматкери, 1990-жылы туулган Э.Н. өзү өзүнө бычак сайып суицид жасоого аракет кылган.

Милиционер ички иштер органдарында 2011-жылдан бери иштеп келет, үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Мындай маалыматты анын жубайы тастыктады. Окуя болгон жерден, өзүн өлтүрүүгө далалат жасаган ашкана бычагы, ошондой эле, кийим, килем жана башка далил буюмдар алынды. Аялынын көрсөтмөсү боюнча, буга чейин да милиция кызматкери суицид кылууга аракет кылган. Учурда соттук-биологиялык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

ИИМнин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан, окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9403



Добавить комментарий