Эмгек министрлиги жаӊы жылда 4 күн эс алууну сунуштады

4 декабрь 2017 10:36 916 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРдын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2018-жылы январда эс алуу күндөрүн жылдыруу боюнча чечим долбоорун даярдаап чыкты.

Демек, 2017-жылдын 30-декабрь менен 2018-жылдын 8-январь эс алуу күндөрүн 2-3-январь жумуш күндөрүнө жылдыруу сунушталып жатат. Бул, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган, бир жумада беш күндүк иш тартиби менен иштеген муниципалдык жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине тиешелүү.

Ошондо, 30-декабрь иш күнү, ал эми 31-декабрь, 1-3-январь эс алуу күндөрү, 4-январдан тартып кадимкидей жумушчу күн болмокчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9395



Добавить комментарий