Математика боюнча олимпиада өтөт

22 февраль 2017 18:21 868 Barometr
Бөлүшүү:
ok

    Жалпы билим берүү мектептердеги 6-класстагы окуучулардын арасында математика боюнча олимпиада болот. Олимпиаданы “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.  Олимпиада окуучулардын математика cабагына болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле интеллектуалдык таймаштардын ар кандай түрлөрүн өркүндөтүү, өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгуу жана аларга андан ары колдоо көрсөтүүгө шарт түзүү максатында  өткөрүлүп жатат.  Олимпиада  жалпысынан 5 — 6 — класстын математика сабагы окуу программаларынын негизинде өткөрүлүп, 3 баскычтан турат. Жеңген окуучулар 2017-жылдын 22-апрелинде “Айчүрөк” атындагы Бишкек лицейинде 1 — орунду ээлеген окуучу I-даражадагы диплом жана ноутбук, ал эми мугалими 10 000 сом менен сыйланышат. 2 — орунду ээлеген окуучу II-даражадагы диплом жана ноутбук, мугалими 8 000 сом менен сыйланышат. 3 — орунду ээлеген окуучу III-даражадагы диплом жана планшет, мугалими 6 000 сом менен сыйланышат. Байгелүү орундарды (1,2,3) ээлеген окуучулардын мектептери лазердик принтер менен сыйланат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content939



Добавить комментарий