Аксы районунда айдоочуну экскаватор басып калды
Бөлүшүү:
Бул тууралуу басылмалар жазды. Окуя 30-ноябрда кечки саат 5терде, Кош-Дөбө-Мундуз жолунун участкасында болгон. Райондук суу чарба башкармалыгын департаментинин тракторчу-машинисти, “Хантер” үлгүсүндөгү экскаваторду айдаган Ж.Н. аттуу жаран аны башкара албай калган. Жыйынтыгында атайын техника жолдон чыгып сууну көздөй жүрүп кеткен. Бул учурда айдоочу эмне болгонун текшерейин деп экскаватордон түшкөн. Техника болсо тоголонуп аны басып калган. Алган жаркаттарынан тракторчу ошол жерден мерт кеткен. Маалыматты Кош-Дөбө айыл башкармалыгынан дагы тастыкташты. Атайын техника Семет каналында иштеп жаткан, ал жакта иштер аяктап, айдоочу атобазага кайтып жаткан учуру эле.
Ссылка: https://barometr.kg/content9384
Добавить комментарий ×