Рамзан Кадыров атактуу боксчу Майк Тайсон менен жолугушту

2 декабрь 2017 12:54 652 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров белгилүү америкалык боксчу Майк Тайсон менен жолугушту.

«Бизде жылуу жагымдуу жолугушуу болду… Майк Тайсон боксту таштаганына карабастан, ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча чоӊ популярдуулукка жана сый-урматка ээ. Биз, достугубуз жаӊы дем жана уланууга ээ болот деп ишендик»,-деп Кадыров Инстаграммдагы баракчасына жазган.

Ал, легендарлуу боксчуга суктанып келгенин белгиледи. Кадыров Тайсон менен 2005-жылдан бери тааныш.

"Биз чогуу, Гудерместин стадионунда Чеченстандын жаштары менен жолуккан элек. Мен ошондо, Майк Тайсондун күрөштөрүн көрүп жатып чыны менен эле боксту жакшы көрүп калганымды айткам", - деп эскерди Кадыров.

Ал ошондой эле, Исламды кабыл алгандан кийин Тайсонду дайыма үгүттөөлөр ээрчип жүргөнүн билдирди. «Бирок Майктын эркин эч ким талкалай алган жок»,-деди Кадыров.

Ссылка: https://barometr.kg/content9380



Добавить комментарий