«Талды-Булак» алтын кенинде жумушчулар забастовка жарыялашты

2 декабрь 2017 11:36 1615 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Талды-Булак-сол-жээк» алтын кен компаниясы өзүнүн кызматкерлеринин айлыгын кыскартып жатат. Буга байланыштуу жамаат иш таштоону жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда, Barometr.kg сайтына кызматкерлер билдиришти.

Алар билдиргендей, бир ай мурун компания эмгекти саатына карап төлөй турган жаӊы тарифти бекиткен. 

Кызматкерлердин эсеби боюнча, мындай жаӊы тарифтик ставкага ылайык, жумушчулар азыркыга караганда дагы көбүрөөк айлык алышмак.

Жамаат премьер-министр Сапар Исаковдон, бул жагдайды териштирүүнү өтүнөт.

Нааразы болгон ишчилер өкмөт башчыга видео кайрылуу жасашты.

Видеодо кызматкерлер, ишкана Эмгек кодексин бузуп жумушчуларга келишимди кийинки жылга деп таӊуулап жатканын, бирок ишчилер келишимге кол коюудан баш тартып жатканын айтышкан. Муну менен бирге, алардын айтымында, профсоюз алардын укугун коргобой жатат. Буга байланыштуу кызматкерлер өкмөт башчы келип маселени териштирип берүүсүн өтүнүп жатышат.

Маалымат катары

«Талды-Булак-сол жээк» алтын кени Чүй областынын Кемин районунда, Бишкектен 120 чакырым түштүктө, Орловка шаарынан 12 чакырым түштүктө жайгашкан. Алтын кен комбинатын биргелешкен кыргыз-кытай «Алтынкен» жоопкерчилиги чектелген коому ишканасы иштетет. Компаниянын акциясынын 40%ы «Кыргызалтын» коммуна, ал эми 60%ы кытайлык «Zijin Mining” коомуна таандык.

Ишканада дээрлик 1000дей киши иштейт. Алардын 96%ы КР жарандары, калганы кытайлыктар иштейт. Кенде 78 тоннадан ашуун алтындын кору бар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9376



Добавить комментарий