Бүгүн республика боюнча кар жаап, жолдор тайгак болот

2 декабрь 2017 10:46 541 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-декабрда түнкүсүн территориянын көпчүлүк бөлүктөрүндө кар жаайт. 3-декабрда күндүз жана 4-декабрда айрым райондорго кар түшөт. Жолдор тайгак болот.

Бишкекте бүгүн, 2-декабрда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


түнкүсүн: -1…-3
күндүз: -1…+1

Чүй областы
түнкүсүн: -1…-6
күндүз: -4…+1

Талас областы
түнкүсүн: -1…-6
күндүз: -4…+1

Баткен областы
түнкүсүн: 0…-5
күндүз: -1…+4

Ош жана Жалал-Абад областтары
түнкүсүн: 0…-5
күндүз: -1…+4

Ысык-Көл областы
түнкүсүн: -1…-6
күндүз: 0…+5

Нарын областы
түнкүсүн: -7…-12
күндүз: 0…-5

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9373



Добавить комментарий