Карасартова Толтоев тууралуу: «Жээнбеков трайбалист эмес, ал мыкты кадрды тандаган»

1 декабрь 2017 20:23 1681 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 1-декабрда, социалдык тармактарда укук коргоочу Рита Карасартова президент Сооронбай Жээнбековду жактап чыкты.

Карасартова соцтармактын колдонуучуларын, Эрнист Толтоевдин президенттин жардамчысы болуп дайындалышына тиешелүү, адамдарды тескери жолго багыттабагыла деп чакырды.

"Жаны шайланган президентибиз трайбалист экен, ал өз жердешин жардамчы кылып алды, деп жазгандарга айтат элем. Эрнист Толтоевди мен айыл өкмөттүн башчысы болуп жүргөн кезде таанышкам. Бизге кайрылып, мага айылыма жерлерди тактап, инвентаризация кылып, бардык контурларын аныктап компьютерге киргизе турган бир долбоор керек болуп жатат. Айылымдын жараны келип справка алам десе, компьютерден 10 мүнөттүн ичинде бүт маалымат чыккандай болсо, жакшы болот эле, деген. Кийин мен бул кызматтан кетип калсам, бул иштелип чыккан ИТ программа элим үчүн иштеп бериши керек, деген. Ошондо мен таң калып, ушундай жаш жетекчилер бийликке келсе, Кыргызстандын келечеги кең болот, деп сыймыктангам. Ушул нерсе, Президентибиздин трайбалистик эмес, ишти мыкты алып кетерине ишенген адамга ишеним артарын билдирип турат, деп ойлоймун. Алдыда иш көп, абал оор. Иштерине ийгилик каалап кетелик", - дейт Карасартова.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9365



Добавить комментарий