Мамилени жөнгө сала албагандыгы үчүн Алишер Рустамов кызматынан кетти

22 февраль 2017 15:00 362 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Тажикстандын «Сомон Эйр» компаниясынын коммерциялык директору Алишер Рустамов кызматынан бошотулду. «Сомон Эйрдин» 21-февралдагы маалымдоосуна караганда, Рустамов жана анын кызматкерлери Ташкент аба майданын тийиштүү документтер менен камсыздаган эмес. 1992-жылдан бери токтоп турган Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы боюнча биринчи учак 20-февралда учушу керек эле. Бирок ал акыркы сааттарда токтотулган. «Сомон Эйрдин» маалыматы боюнча, каттам жакынкы аралыкта калыбына келтирилет.

Ссылка: https://barometr.kg/content936



Добавить комментарий