АКШда түрк-иран ишкери Эрдогандын санкция тартиптерин бузганын жарыялады

1 декабрь 2017 16:40 497 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алтын сатып иштеген түрк-иран ишкери америкалык сотко Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган  1 миллиард доллар өлчөмүндөгү акчаны АКШнын санкциясына илээштирбей, Иранга которууга жардам бергенин билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

Реза Зарраб бул тууралуу 30-ноябрда түркиялык «Халкбанктын» аткаруучу директору Мехмет Хакан Атиллага байланыштуу соттук териштирүү учурунда АКШ өкмөтүнүн күбөсү катары көрсөтмө берип жатып айтты.

Атиллага Ирандын мунай жана газдан тапкан кирешелерин АКШнын банк системалары аркылуу алтын келишимдеринин негизинде санкциялык тартиптерди бузуу менен Тегеранга которуу тапшырмасы берилген. Ал айыптоолорду четке кагууда.

Зарраб 2-октябрда банк алдамчылыгы, арам акчаны адалдоо жана бийлик менен кызматташуу боюнча күнөөлүү экенин моюнга алган.

Буга чейин Зарраб Эрдоган менен ал кездеги каржы министри Али Бабаджан келишимге өзүлөрү макул болушканын билдирген.

Эрдоган айыптоолорду четке кагып, туура кадамга барышканын, эмбаргону бузушпаганын маалымдаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9358



Добавить комментарий