Мыйзамсыз багылган арстандын күчүгү «Бугу-Эне» фондусуна өткөрүлдү

1 декабрь 2017 16:17 537 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дагы бир мыйзамсыз багылып жаткан арстандын күчүгү «Бугу-Эне» коомдук фондуна өткөрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-ноябрда, белгисиз бирөөлөр арстандын кичинекей күчүгүн аталган фонддун башчысынын үйүнө калтырып кетишкен. Фонддун жетекчиси Салтанат Сеитова бул боюнча Мамэкотехинспекциясына кабарлаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, кызыл китепке киргизилген жаныбар эч кандай ооруга чалдыккан эместиги жана жакшы шартта багылгандыгы аныкталган. Жаныбарга Актилек деген ысым берилген.

Бир ай мурун инспекторлор тарабынан дагы бир арстандын күчүгү табылган болчу, аны Акжолтой деп аташкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9356



Добавить комментарий