Атай Өмүрзаков: ««Адем» бий тобу Малайзиядагы сынакта Кыргызстанды таанытат»
Бөлүшүү:
«Адем» бийчилер тобу Asia’s Got Talent таланттар шоусунда финалга чыкты. Бул тууралуу бийчи, топтун жетекчиси Атай Өмүрзаков интернеттеги баракчасына жазды.
Бийчи билдиргендей, финал 7-декабрда Малайзияда өтөт, ал эми анын жыйынтыгы 14-декабрда жарыяланат.
«Бул 3 күндүк добуш берүү мен үчүн толкундануу менен коштолду, анткени мен, бизге жардам берүү үчүн Кыргызстандын бүтүндөй эли менен дүйнө бириккенин, силердин колдооӊуздарды сезип турдум. Биз финалга даярдык көрүп баштадык. Өлкөнү татыктуу таанытабыз жана силерди таӊ калтырабыз деп убада беребиз»,-деп жазган.
Белгилесек, Asia’s Got Talent – бул 15 Азия мамлекетинин арасындагы таланттар сынагы. Баш байге 100 миӊ доллар.
Ссылка: https://barometr.kg/content9352
Добавить комментарий ×