Фарид Ниязов президенттин кеӊешчиси болуп дайындалды

1 декабрь 2017 13:56 665 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Фарид Ниязов президенттин кеӊешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президентик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ниязов ошондой эле мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси кызматын ээлеп турган.

Белгилесек, ал 1958-жылы 27-апрелде туулган. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун инженер-гидротехник адистигин аяктаган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9351



Добавить комментарий