Кара-Суу районунда мечит өрттөнүп кетти

1 декабрь 2017 10:01 700 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош областында мечит өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кара-Суу районунда 1-декабрда, саат 00:04тө Тимирязев көчөсүндө жайгашкан «Жалгыз бак» мечити күйдү. Өрттү өчүрүү үчүн Оштун 5 өрт өчүрүүчү бөлүмчөсү тартылды. Өрт саат 02:48де өчүрүлгөн. Анын кесепетинен имараттын 500 чарчы метр аянтты түзгөн чатыры жана 200 чарчы метр дубалдагы пластик каптамасы күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9340



Добавить комментарий