Назарбаев: «Кыргыз-казак бир туугандык мамилелер ордуна келет»

1 декабрь 2017 09:04 918 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 30-ноябрда, Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеӊешинин жыйынында, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков казак лидери Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын келечектери, анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында лидерлер басылмалар үчүн билдирүү жасады.

Назарбаев, Жээнбековду президенттик кызматка шайланышы менен куттуктады. Ал эки элдин ортосундагы «жылуу кошуна алакаларды калыбына келтирүү» зарылдыгын белгиледи.

«Эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын себептерин баарыбыз билебиз. Ошон үчүн мындай жыйынтыкка келдик: биздин өлкөлөрдүн өкмөтү түзгөн жол картасы бар, биз аны карап чыктык. Эки өлкөнүн жумушчу топтору бул жол картасын талкуулайт жана кол коет»,-деди Нурсултан Назарбаев.

Ал белгилегендей, Казакстан да, Кыргызстан да тараптан, чек арада көзөмөл орнотуу чечими кабыл алынган. Ошондой эле, ЕАЭБден үч киши жүк ташыган унааларды текшерет жана өткөрүп турат. Мындай таризде, Кытай менен болгон чек арада дагы текшерүү жүргүзүлөт.

Нурсултан Назарбаев, Сооронбай Жээнбековду расмий иш сапар менен Казакстанга чакырганын билдирди.

Жээнбеков өз кезинде, алар болгон маселелерди талкуулаганын, жана бирдиктүү чечимге келишкенин айтты.

«Эки өлкөнүн өкмөтү кызматташтыктын бир катар маселелерин жөнгө салуу тууралуу жол картасын декабрь ичинде иштеп чыгышы керек болот. Ошондо көптөгөн көйгөйлөр чечилет, анткени алар чечүүгө мүмкүн болгон маселелер. Чек аралар, жол картага кол коюлганга дейре ачылат. Эки тараптуу кызматташтыктын бардык тапшырмалары менен маселелери сүйлөшүлгөн мөөнөт алкагында чечилет», - деп баса белгилеи Сооронбай Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/content9329



Добавить комментарий