Мекке менен Мединада сүрөт-видеого тартууга тыюу салынды
Бөлүшүү:
Сауд Арабиясынын бийлиги, Меккедеги мечит жана Медина шаарындагы Пайгамбардын мечитинде сүрөт-видеого тартууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Белгиленгендей, муну менен бирге, мындай тыюу салуу тартиби мечитке келген зыяратчылар, келгендер, журналисттерге дагы тийиштүү.
Мындай тыюу салуунун формалдуу себеби катарында, бийликтин мусулмандык ыйык жайларды сактоо жана коргоо, ошондой эле мусулмандарды диний каадаларды дагы сапаттуу аткарууга чакыруу максаты болгон.
Тартипти бузгандардын техникасын алуу, ошондой эле, аларга карата юридикалык чараларды көрүү каралары болжонууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9316
Добавить комментарий ×