Активисттер элчиликтин алдына Бакиев үчүн 60 даана жаӊы ич кийим калтырышты

30 ноябрь 2017 13:54 1553 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 30-ноябрда, активисттер Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлерине, Курманбек Бакиев үчүн белек берип жиберишти. Бул тууралуу Barometr.kg  сайтына «Айкөл Ала-Тоо» кыймылынын мүчөсү Амантур Жамгырчиев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, элчиликтин алдындагы каршылык акциясына 50дөй адам келген.

"Биз, белекти Казакстандын элчилигине берип коелу деп чогулдук. Эки куту ич кийимди Бакиев үчүн алып келдик. Кутуга түрдүү өлчөмдөгү 60 даана жаӊы ич кийим салдык»,-дейт активист.

Ал, элчиликте алардын «белегин» алуудан баш тартышты деп кошумчалады. Буга карабастан активисттер кутуну имараттын алдына калтырып кетишкен.

"Эгер элчилик айтылган дарекке биздин кутуну берип жибербесе, биз ич кийимдерди дагы чогултабыз да аны почта аркылуу жөнөтөбүз»,-деп эскертти активист.

Ссылка: https://barometr.kg/content9305



Добавить комментарий