Өлкөдө «Көк кит» оюну аркылуу өспүрүмдөрдү өлүмгө жеткирген фактылар көбөйдү
Кыргызстанда социалдык тармактарда суициддик жамааттар популярдуу болуп баштады. Жыл башынан бери 20дан ашуун билдирүү катталган. Бул тууралуу жыйында республиканын башкы прокурору Индира Жолдубаева билдирди.
«Ушул жылдын башынан тартып Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн арасында, социалдык тармактардагы суицидке жол ачуучу оюндар, анын ичинде «Көк кит» оюну дагы популярдуу болуп кетти. Өспүрүмдөрдү өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген жана бул оюндарга катыштырган фактылар боюнча 22 билдирүү катталган», - деп белгиледи Жолдубаева.
Анын айтымында, КРдын Башкы прокуратурасы, түрдүү социалдык түйүндөрдөгү мындай топтор менен аккаунттарга кирүүнү чектөө тууралуу доо арыз берген, арыздар соттор тарабынан канааттандырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content9300
Добавить комментарий ×