Кыргызстандын чек арачылары мыйзам бузган тажикстандык тургунду кармады

30 ноябрь 2017 10:08 550 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 29-ноябрда, “Кызыл-Бел-автожолу” көзөмөл бекетинин чек арачылары, кыргыз-тажик чек арасынан бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракеттенген Тажикстандын жаранын кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Паспортту текшерүүнүн жүрүшүндө, 1958-жылы туулган, тажикстандык М.С. аттуу жаран чек арачыларга Тажикстандын башка жаранына таандык паспортту көрсөткөн. Документти текшергенде, паспорттогу сүрөт дал келбегендиги, кийин жеке сүйлөшүү жана жеке буюмдарын кошумча текшерип кароодон кийин, жарандын ички паспорту аныкталган.

Тургундун айтымында, ал мурун Россиядан депортацияланган. Кайрадан Россиянын аймагына баруу үчүн ал өзүнүн тууганынын чет өлкөлүк паспортун колдонууну чечкен.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, мыйзам бузган жаран КРдын УКМК аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9288



Добавить комментарий